Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусуБаткен району 31.07.2019 09:44 На русском

Баткен шаарындагы муниципалдык бассейн кайрадан иштей баштады

Turmush -  10 күндөн бери Баткен шаарынын борбордук стадионунда жайгашкан муниципалдык бассейн иштеп жатат. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынын муниципалдык департаментинин директору Акрам Акматов билдирди.

Анын айтымында, бассейн буга чейин жеке ишкер тарабынан иштетилип келген. Бирок талапка жооп бербегендиктен мэрия тарабынан келишим токтотулган. Аны кайра иштетүү үчүн жазда тендер жарыяланган. Тендерди жеке ишкер Курбаналы Масеитов утуп, бассейнде шарт түзүүгө 1 млн сомго жакын каражат сарптады. Ал ай сайын мэрияга 5 миң сомдон ижара акы төлөп турат. Аба ырайы ысык болгондуктан кыз-келиндер үчүн дагы бассейн куруу пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×