Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусуКадамжай району 30.07.2019 12:55 На русском

Кадамжай РИИБ көчмө кабылдама унаалуу болду (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө көчмө кабылдама унаасы тапшырылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тургундарга шарт түзүп берүү максатында Кадамжай РИИБге Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкек шаарындагы кеңсеси пилоттук долбоордун алкагында милициянын көчмө кабылдамасын, тактап айтканда «Тойота Хайс» унаасын тапшырды.

Көчмө кабылдаманын милдети — милицияны эл менен байланыштыруу жана үзгүлтүксүз алыскы айыл жерлерине барып, тургундардын арыздарын, сунуштарын кабыл алуу.

Милициянын көчмө кабылдамасы Баткен, Лейлек райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында толук кандуу иштейт. Көчмө кабылдама ушул жылдын 6 айында 83 жолу алыскы айыл-кыштактарга чыгып, жалпысынан 301 тургунду кабыл алышкан. Алардын ичинен 86 жаран ар кандай мазмундагы арыз-даттануу менен кайрылышкан. Ошондой эле 33 кайрылуу коопсуздук боюнча болсо, 91 кайрылуу жеринде чечилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×