Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Баткен облусу, Исфана 29.07.2019 13:33

Баткенде сууга чөгүүлөрдү алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат

Turmush -  Жыл башынан тарта Баткен облусунун аймагында 7 бала сууга чөгүп каза болгондугу айтылууда. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, күн ысыкта кооптуу көлмөлөргө, сууларга түшкөндөр көбөйөт. Андыктан коопсуздук чараларын сактоо боюнча элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Сууга чөгүүлөрдү алдын алуу максатында Исфана шаарында өткөн жылдан бери жеке менчик бассейн иштеп жатат. Анда кыз-келиндер жана мырзалар үчүн бассейн иштейт. Андыктан бул жайда Сүлүктү шаарынан бери келгендер эс алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×