Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусу, Баткен 28.07.2019 12:38

Баткенге Россиядагы мекендештер келишти

Turmush -  Баткенге Россиядагы мекендештер жергиликтүү элден кабар алуу үчүн келишти, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров Россиядагы кыргыз диаспорасынын алдындагы жеке ишкерлер ассоциациясынын жана Баткен коомунун өкүлдөрү менен жолукту. Мекендештер кыргыз-тажик чек арасында орун алган окуяга байланыштуу аймактан кабар алып, жакындан жардам көрсөтүү үчүн атайын келишкен.

Жолугушууда өлкө борборунан эң алыста, чек арада жайгашкан жаш облустун орчундуу делген көйгөйлөрү талкууланып, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча сунуш жана пикирлер айтылды. Ошондой эле мекендештер менен жергиликтүү бийлик Баткендин күрүчү, өрүгү сыяктуу айыл чарба продукцияларын Россияга экспорттоо, аймакка инвестиция тартуу, Россиядагы мигранттардын биримдигин чыңдоо боюнча кызматташууну макулдашты.

Диаспоранын өкүлдөрү облустук ооруканада жаткан жарандардан да кабар алып, жардамдарын көрсөтүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×