Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусуБаткен району 28.07.2019 10:47 На русском

Чек арадагы чырда жараат алгандардын бүгүнкү абалы кандай? Сүрөт

Turmush -  Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдын кесепетинен жабыркап, ооруканага түшкөндөрдүн абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.

22-24-июль күндөрү жалпы 31 жаран ар кандай жараат менен ооруканага кайрылып, алардын ичинен 14 адамга тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө чыгып кетишкен. Ошондой эле күчөтүлгөн режим алынып, Оштон келген дарыгерлер шаарга кайтышты. Ал эми Лейлектен алынган тез жардам унаалары аталган районго жеткирилди.

Кечээ, 27-июлда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жана район акими Кеңеш Салихов учурда ооруканада дарыланып жаткан жарандардан кабар алып, материалдык жардам көрсөтүштү.

Ыйгарым укуктуу өкүл жабыркагандардын ар бири менен баарлашып, аларга ден соолук жана жакшылыктарды каалады. Ошондой эле чек арадагы аймактарда мындай окуялар кайталанбашы үчүн жергиликтүү эл күч түзүмдөрү менен тыгыз байланышып, мыйзамды сактоо зарыл экенин белгиледи.

Учурда облустук ооруканада 17 жаран дарыланып жатат. Алардын ичинде октон, таштан ар кандай жараат алган жергиликтүү тургундар, милиция кызматкерлери, чек арачылар бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×