Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусуКадамжай району 27.07.2019 11:57

Кадамжайлык А.Арзыбаева короосуна боз үй тигип, бала бакча уюштурду. Сүрөт

Turmush -  Кадамжай районунун Көтөрмө айылынын 46 жаштагы тургуну Айзада Арзыбаева демөөрчүлөрдүн жардамы жана өзүнүн демилгеси менен айылга боз үй тигип, бала бакча уюштурду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Айзада Арзыбаева өзү билдирди.

Анын айтымында, Көтөрмө айылында бала бакчанын жоктугуна байланыштуу ал үйүнүн короосуна боз үй тигип, 3 жаштан 14 жашка чейинки 30 баланы кабыл алган. Балдар эртең мененки саат 9:00дө келип, кайра саат 14:00дө үйлөрүнө кетишет. Бирок талаа жумуштары башталгандыктан айрым учурларда кечке чейин калып калышат. Балдарга жумасына 2-3 жолу Назгүл Азимбаева, Максуда Абдуллаева жана Айзада Арзыбаева өзү сабак өтүп турушат.

Айзада Арзыбаеванын айтымында, бала бакчада китеп, көрсөтмө куралдар жетиштүү. Мындан сырткары 2 жумада бир жолу тиш дарыгерлер атайын профилактикалык кароо жүргүзүшөт. Учурда айыл тургундары демилгени ар тараптан колдоп, балдар үчүн кызыктуу оюндарды жана кыргыздын улуттук оюндарын уюштурууда жардам берип жатышат.

«Балдарга китеп окуп берип, кол өнөрчүлүктү үйрөтүп жатабыз. Демөөрчүлөр да колдоо көрсөтсө, 2-3 жерге боз үй тигип, балдарга мектепке чейинки билим берүүнү пландап жатабыз», - деди А.Арзыбаева.

Боз үйлөрдөн уюштурулган бала бакча «Нур-Үлгү» деп аталат. Аны жетектеген Айзада Арзыбаева 3 жылдан бери жайлоо бала бакчаларында балдарды тарбиялап келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×