Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусу, Баткен 26.07.2019 16:50

Баткен шаарында 1,5 тонна кара куурай жок кылынды

Turmush -  Баткен шаарында «Мак 2019» операциясынын жүрүшүндө 1,5 тонна кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Баткен ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында жалпы 10 гектар жерди текшерип чыгышкан. Натыйжада 2 гектар жер аянтынан 1,5 тонна кара куурай орулуп, өрттөлүп жок кылынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×