Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусуКадамжай району 26.07.2019 15:50 На русском

Кадамжай аймактык ооруканасынын курулушу аяктады (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай аймактык ооруканасынын жаңы имараты керектүү эмеректер алынып келсе 1 жуманын ичинде пайдаланууга берилет. Бул тууралуу дарыгерлер билдиришти.

Маалыматка караганда, имараттын курулушу 2012-жылы башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери толук аяктады. Оорукана 180 миңден ашуун адамды тейлей алат. Мекеме 3 кабаттан жана 3 бөлүмдөн турат. Алар — терапия, хирургия төрөт бөлүмдөрү. Бүгүнкү күндө бул ооруканада жалпысынан 26 медайым, 8 дарыгер иштейт.

Оорукананы курган ишкананын өкүлү Баймурза Жолдошевдин айтымында, имаратты курууда 4 бригада иштеди.

«Кадамжай аймактык ооруканасынын экинчи бөлүгүнүн курулушу 2017-жылы апрель айында башталган. 2018-жылдын апрель айында курулуштун негизги бөлүгү бүткөрүлгөн. Эмеректер жана башка керектөөлөргө акча бөлүнбөгөндүктөн аны күтүп турабыз. Бул имаратты курууда 4 бригада иштеди. Курулуш материалдары Ош, Бишкек шаарларынан алынып келди, сапаты жакшы», - деди Жолдошев.

Оорукананын жалпы сметалык баасы 172 млн сомду түзөт. Ал 150 орунга ылайыкташтырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×