Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусуБаткен району 26.07.2019 12:35 На русском

Президент С.Жээнбеков Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушту. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 26-июль күнү эртең менен президент Сооронбай Жээнбеков Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушту.

Маалым болгондой, жолугушууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты. Жергиликтүүлөр чек ара меселесин жөнгө салып, чек арадагы аскерлердин санын көбөйтүүнү суранышты.

Ак-Сай айылындагы аялдар кеңешинин төрайымы Сайрам Зулпукарованын айтымында, алар президентке чек ара маселеси жана медицина жаатына көбүрөөк көңүл буруу боюнча кайрылышкан.

«Биздин элге акча керек эмес, чек ара маселеси чечилсе болду. Чек арада аскерлерди көбөйтүү керек. Ошону менен катар медициналык кызматкерлердин эс алуусун жолго коюп берүүнү сурандык. Тез жардам унаасы да буга чейин күйүп кеткен. Учурда жаңы тез жардам унаасы келе жатыптыр. Президент өзү тапшырмак экен, бирок унааны алып келүүгө жетишпей калышты. Президентибизге чоң рахмат, атайын эл менен жолугушууга өзү келди», - деди Зулпукарова.

Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуевдин айтымында, президент элди тынчтанууга чакырып, чек ара маселеси көңүл чордонунда экенин баса белгиледи.

Ак-Сай айылындагы тургундардын абалынан кабар алуу үчүн Талас, Нарын, Жалал-Абад, Бишкек шаарларынан атайын ыктыярчылар келишкен. Жалал-Абад шаарынан келген ыктыярчылардын бири Келдибек Жээнбеков алар үйүндө тынч отура албай, жеринен абал менен таанышууга келишкендигин айтты. Ооруканага түшкөндөрдөн кабар алганын билдирди.

«Чек арада жерди сактап калуу үчүн ооруканага түшкөн мекендештерибиз жалгыз эмес. Алардын артында бүтүндөй кыргыз эли турат. Алар саясий баатырлар эмес, чыныгы баатырлар», - деди Келдибек Жээнбеков.

Баткен ОИИБдин маалымат катчысы Кайратбек Мамыров абал туруктуу, кооптонууга негиз жок экендигин билдирди.

«Коомдук коопсуздукту сактоо үчүн тажик тарап менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Учурда абал туруктуу», - деди Мамыров.

Сооронбай Жээнбеков андан кийин Тажикстандын Ворух анклавында тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Чек арадагы абал: Тажикстандын күч түзүмдөрү Баткен—Лейлек жолун ачышты. Видео

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×