Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусуБаткен району 25.07.2019 09:31 На русском

Чек арадагы абал: Тажикстандын күч түзүмдөрү Баткен—Лейлек жолун ачышты. Видео

Turmush -  Баткен районунун Ак-Сай айылында кечээ, 24-июлда саат 23:00 чамасында тажик тарап тоскон Баткен—Лейлек жолу ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн саат 7:15те Ак-Сайдан тосулган Исфара—Ворух жолу ачылды. Исфара тараптан Ворух анклавына карай биринчи тажик милициясынын унаасы өттү. Артынан башка унаалар да өтүп жатат. Учурда жолдор ачылып, каттам улантылып жатат.

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен—Исфана жана Исфара—Ворух жолдору ачылгандыгын тастыктады. Чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Кыргыз жана тажик чек арачылар биргеликте кайгуул уюштурган.

Ак-Сайда кечээ, 25-июлда Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхимдин сүйлөшүүсү өткөн. Алар чек арадагы абалды тынчтандыруу, жабылган жолдорду ачуу боюнча макулдашкан.

Окуя тууралуу:

22-июлда саат 17:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкканы маалым болгон.

Маалыматка караганда, Ак-Сай–Ворух жолундагы Төрт-Көчө тилкесине тажик тарап өлкө президенти келет деп даярдык көрүп жатышкан. Саат 17:20 чамасында тажик тарап шарттуу чек арадан 1 метр аралыкта желек орнотушкан. Кыргыз тарап нааразычылыгын билдиргенде тажик жарандары желекти 2 метрге өздөрү тарапка жылдырышкан.

Кыргыз тарап Эски-Тумба тилкесине (Дача аймагындагы) эски Ак-Сай деген жазууну орнотушканда тажик тарап аны сындырып салышкан. Бул окуялардан кийин саат 17:50 чамасында эки тарап уруша кетип, бири-бирине таш ыргытып башташкан. Жаңжалга болжол менен кыргыз тараптан 40ка жакын киши, тажик тараптан 50гө жакын адам катышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган окуядан кийин Баткен облустук ооруканасына 8 адам жеткирилди. Алардын ичинен үчөө айылдыктар болсо, калганы милициянын, чек ара кызматынын өкүлдөрү.

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, чыр-чатак учурунда курал колдонулган. Жаңжал саат 17:20 чамасында башталган. Ак-Сайдын тургундары Тажикстандын Ворух айылынын тургундарынын айылдын кире беришине желек орнотушуна каршы болушкан. Анын айынан чыр чыккан. Анын жүрүшүндө чатактын катышуучуларынын бири курал колдонгон. Ок аңчылык куралдан жөнөкөй адамдар тарабынан атылган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 5 адам жаракат алган. Исфара–Ворух унаа жолу жабылган. Кыргыз чек арачылары тажик тараптын чек арачылары менен биргеликте абалды жөнгө салууга аракет көрүшкөн.

Андан кийин кечинде Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан улам Баткен шаарына жеткирилип жатканы кабарланган.

Маалыматка караганда, 5 кичи автобус менен адамдар алынып келген. Дагы 7-8 кичи автобус адамдарды ташып келери айтылып жаткан. Ак-сайлыктарды №57 лицейдин имаратына жайгаштырышкан.

23-июлда эртең менен Ак-Сай айылынан Баткен шаарына 300дөн ашык адам көчүрүлүп келгени айтылган. Алар түнү менен № 57 лицейге, №3 мектепке жана В.Ленин орто мектебине жайгаштырылган. Тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүн атайын штаб түзүлгөн.

23-июлда саат 13:25 чамасында Тажикстандык укук коргоо органдары тарабынан Баткен—Самаркандек—Лейлек жолу жабылгандыгы кабарланган.

Маалыматка караганда, учурда аталган жолдо каттам токтоп турат. Жол саат 13:25 чамасында жабылган. Бул тилке тактала элек аймактардын катарына кирет. Жолдун жабылышынын себеби белгисиз.

23-июлда саат 14:15 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылында тажик тараптан 2-3 жолу ок атылганы кабарланган.

Маалыматка караганда, октор КРнын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев жана облус башчысы Акрам Мадумаровдун эл менен жолугушуусу учурунда атылган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, бир ок чек ара кызматкеринин бутуна тийген.

Кечээ, 24-июлда Баткен ОИИБ ак-сайлыктар 23-июлда түн ичинде Ак-Сай—Ворух жолун мыйзамсыз тосуп салышкандыгын кабарлаган.

«23-июлдан 24-июлга караган түнү Ак-Сай айылынын тургундары, аталган айылды кесип өткөн Ак-Сай—Ворух жолун атайын жыгачтар менен мыйзамсыз түрдө тосуп салышкан. Андан соң болжол менен саат 11:45 чамасында Ак-Сай айылында коомдук коопсуздукту сактоо боюнча кызматын өтөп жатышкан милиция кызматкерлери жолду тосуп турган жыгачтарды алуу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан. Ошол учурда «Камаз» үлгүсүндөгү унаанын ээси жолдун ортосуна шагыл төгүп салган. Анын мыйзамсыз аракетине бөгөт коюуга аракет кылышкан милиция кызматкерлерине карата айылдын тургундары массалык түрдө таш ыргытып, мыйзамдуу талаптарга баш ийбей коюшкан. Жергиликтүү жарандар тарабынан ыргытылган таштардан 3 кызматкер жаракат алган. Милиция кызматкерлери тарабынан жолду ачуу максатында атайын үн чыгаруучу каражаттар колдонулуп, айылдын тургундары жолдун четине сүрүлүп чыгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×