Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 22.07.2019 09:55 На русском

Ошто кошуналар 66 жаштагы аялдын абалына тынчсызданып жатышат. Тез жардам кызматы кетип калганбы?

Turmush -  Ош шаарынын Кулатов кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жашоочусу Гулянын (ысымы өзгөртүлдү) ден соолугу кескин начарлап кеткендигине байланыштуу кошуналары тез жардам кызматын чакыртышкан. Бирок дарыгерлер аны ооруканага алып барбай, 2 ирет үйүнө таштап кетишкен. Бул тууралуу аталган көп кабаттуу үйдүн жашоочусу Нурлан Абдуллаев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, тез жардам кызматынын дарыгерлери экинчи ирет келишкенде Гуляны ооруканага алып баруунун ордуна көп кабаттуу үйдүн кире беришиндеги отургучка отургузуп, өздөрү кетип калышкан.

«Биринчи жолу чакырганда таштап кетишкен. Экинчисинде да качып кетишти. Мен чөнтөк телефонго тартам десем да кетип калышты. Бул аял көп жылдан бери ушул көп кабаттуу үйдө жашайт. Бир кызы бар. Ал да психикалык жактан жабыркап, ооруканада жатат болуш керек. Акыркы күндөрү аялдын абалы оор болуп калды. Караганга эч ким жок. Биз тамак алып барып бердик, аны ичкенге алы келбей жатат. Ал аял иттерди баккандыктан, үйүндө жагымсыз жыт пайда болгон. Санэпидемстанцияга чалып чакыртсак, келбей коюшту», - деди Н.Абдуллаев.

Көп кабаттуу үйдүн дагы бир тургуну Махбурат Турдуева дагы Гуля тамак иче албай жатканын билдирди.

«Ушул үй курулгандан бери чогуу жашайбыз. Адашпасам, 1989-жылдар болуш керек (үй курулган жыл). Бул аялдын жалгыз кызы бар болчу. Ал дагы ден соолугуна байланыштуу ооруканада», - деди М.Турдуева.

Бирок Ош шаардык тез жардам кызматынын кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Сапарбек Шүкүров Гулянын абалы коркунучта болбогонун айтты.

«Гуля деген аялды кабыл алганбыз. Ал ооруканага каралбаган абалда келди. Ооруканадан биздин дарыгерлер жуунтуп чыгышты. Көп күндөн бери тамак жебегенгеби, кан басымы төмөн экен. Биздин кабыл алуу бөлүмдө төрт керебет бар. Ал аялды 24 саат бою карадык. Өзүнө келгенден кийин "үйүмө кетем" деди. "Унаага акчам жок" дегенинен биз акча чогултуп бергенбиз.

Түштөн кийин дагы чалуу түштү. Өзү чалганбы же кошуналары чалганбы... Мен дарыгерлерди таап бергем. Невропатолог, хирург, нейрохирургдар көрүп, алар "операцияга негиз жок" дешкенинен терапия бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Андан аркы маалыматты билбейм», - деди Сапарбек Шүкүров.

Ал эми Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Дина Анарбаева Гуля спирт ичимдигинен ууланганы жөнүндө чечим келгенин билдирди.

«Мага дарыгерлерден "спирт ичимдигинен ууланган" деген чечим келди. Бирок кошуналары ал эч качан ичкен эмес деп айтып жатышат. Кызын психологиялык ооруканага жаткырдык», - деди Д.Анарбаева.

Гулянын кошунасы Махбурат Турдуева кошунасынын спирттик ичимдик ичкенин же мас болуп жүргөнүн көрбөгөнүн билдирди. Гуля буга чейин мамлекеттик кызматтарды аркалап келген. Анын пенсияга чыкканына 2 жыл болгон.

«Анын ооруганын уккан эмесмин. Ар дайым өзүн карап жүрчү. Соңку эки жумада көчөгө чыкпай калган. Кызынан сурасак “уктап жатат, суу эле ичип жатат” деди. Кызынан үйүнүн ачкычын алып үйүнө кирсек, көзүн ача албай жатыптыр. Милицияга, тез жардам кызматына чалдык. Тез жардам кызматы алып кетип, эртеси саат 10-11 чамасында “ден соолугу жакшы экен” деп эки тез жардам кызматкери алып келишти. Такси менен алып келишиптир. Мен үйдөн чыкканча отургузуп, жанына документтерин таштап кетишти. Гуля өзү кайсы ооруканага барганын да билбептир. Спирттик ичимдик ичкен экен деген диагноз коюшуптур. Мен үйүнө кирип-чыгып жүргөм. Үйү жыттанып же арактын бөтөлкөлөрү болмок да. Андай эч нерсе байкалган жок. Кошуналар анын спирт ичимдигин ичкенин көрбөгөнүн айтышып, тил кат жазып беришти», - деди Махбураткан Турдиева.

Сөз болуп жаткан Гуля 66 жашта экени айтылууда.

№3 Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Баяман Анарбеков Гулянын 39 жаштагы тубаса майып кызы учурда Ош шаарындагы психикалык ооруканага, ал эми өзү «Боорукердик» үйүнө жаткырылганын билдирди.

«16-июлда кварталдык комитеттен чалышты. Бир кызды психикалык ооруканага жаткыруу керектигин айтышты. Кеңсеге барсам, Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери, милиция кызматкерлери жүрүшүптүр. Ошол жерден мага жагдайды түшүндүрүштү. Мен психикалык оорукананын жетекчисине өтүнүч кат жаздым. Психикалык ооруканага барганда бизде каттоодо жок деп убаракерчилик жаратышты. Тиешелүү бардык документтерин чогултуп, ооруканага жаткырып келдик. Апасын Ош шаарындагы «Боорукердик» үйүнө жаткырдык. Бүгүнкү күндө абалы бир топ жакшы болуп калды. Толук айыгып кетсе, үйүнө чыгарын айтты», - деди Б.Анарбеков.

№3 Керме-Тоо аймактык башкармалыгынын юристи Темирлан Каримовдун айтымында, Гулянын үйү жана мүлкү атайын комиссия тарабынан мыйзам чегинде каттоого алынып, сырткы эшиги мөөр басылган кагаз менен жабылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×