Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 18.07.2019 16:07

Кызыл-Кыядагы базарда кылмыштуулукту алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Turmush -  Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери кылмыштуулукту алдын алуу максатында шаардагы «Айбек» базарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Баткен ОИИБ билдирди.

Маалыматка караганда, базарда жайгашкан ири соода жайлардын, дүкөндөрдүн жана акча алмаштырган жайлардын коопсуздугу дыкат текшерилип, ошол жерде соода-сатык менен алектенген жарандарга уурулукту, кылмыштуулукту алдын алуу багытында кенен түшүндүрмөлөр берилди. Иш-чарага жалпысынан 32 кызматкер тартылып, административдик 6 протокол, ал эми жол эрежесин бузган айдоочуларга 16 протокол түзүлдү.

Кызыл-Кыя шаарындагы «Айбек» базарына бир күндө 8 миңден 10 миңге жакын адам кирип-чыгат. Жыл башынан бери 14 кылмыш, 3 жорук катталып, алардын бети ачылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×