Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Баткен облусу, Кадамжай 16.07.2019 11:24

Кадамжай шаарында 7 млн сомго таза суу чыгарылды

Turmush -  Кечээ, 16-июлда Кадамжай шаарында таза суу түтүгү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Баткен облусунун жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай шаарында элдин таза суу көйгөйүн жеңилдетүү максатында жергиликтүү бийлик кореялык уюмдар менен иштешүүнүн натыйжасында 7 млн сомдук инвестиция тартууга жетишкен. 2018-жылы жергиликтүү бийлик тарабынан шаардын Таш-Кыя айылына таза суу тартуу боюнча Түштүк Кореянын уюмуна долбоор сунушталып, 2 млн 734 миң сомдук каржылоо болгон. Ошол эле учурда жергиликтүү бюджеттен 1,5 млн сом каражат бөлүнгөн. 2019-жылдын башында Түштүк Кореянын коомдук бирикмесинин жардамы аркылуу Таш-Кыя айылынан Жаңы-Жер участкасына таза суу түтүгүн тартуу иштери жүргүзүлүп, 1 млн 177 миң 350 сомдук жумуш аткарылган. Долбоордун алкагында шаардын А.Орозбеков көчөсүнө сугат суу түтүгүн тартуу жумуштары да аяктаган. Жалпы 6088 метр таза суу түтүгү жана 1700 метр сугат суу түтүгү орнотулду. Долбоорду ишке ашырууга жергиликтүү бийлик жана элдин салымын эске алганда 7 млн сомдон ашык каражат жумшалган.

Баткен облусунда 191 айыл болсо анын ичинен 47 айыл союз мезгилинде таза суу менен камсыз болгон. 46 айыл Кыргызстан эгемендүү болгондон бери таза суу менен камсыз болду. Калган 98 айылда суу менен камсыз кылуу боюнча көйгөй бар. Алардын ичинен 72 айылда Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен таза суу долбоорлорун ишке ашыруу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында 9 айыл республикалык бюджеттин эсебинен таза суу менен камсыз болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×