Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Баткен облусуБаткен району 16.07.2019 08:40 Жаңыланды: 16.07.2019 19:00

Пилдер сатылган айыл: Баткендин тоолорунда орун алган Палал айылы (сүрөт)

Turmush -  Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнө караштуу Палал айылы илгери пил сатылган базар болуп турган деген кептер айтылат. Аймактык кабарчы элеттин таржымалын такташтырды.

Жергиликтүү тургун Абдираим Узакбаевдин айтымында, айылда 100дөй кожолук жашайт. Элет тоолордун арасында жайгашып, башка аймактарда кездешпеген өсүмдүктөр өсөт. Улар, кекиликтер байырлайт. Айылда 2 башталгыч мектеп, бала бакча бар. Шаар борборуна каттаган жол начар болгондуктан, жеңил унаалардын жүрүшү кыйынга турат.

«Уламыштарга караганда, биздин айылдын Палал деген аталышы тажик тилинен чыгыптыр. Тажикче «пал» жок дегенди түшүндүрөт экен. Анан дагы бир уламышта пилдердин базары болгондугу айтылат. Илгери пил алып-сатышкан жер болгон деп баяндалат. Бирок азыр пилге тиешелүү эч кандай белгилер жок», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×