Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 12.07.2019 16:32

Кызыл-Кыяда авиакассаларга кирип уурулук жасап жүргөн адам кармалды

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында авиакассаларга кирип, уурулук жасап жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип Ноокат районунун Көк-Жар айылынын 31 жаштагы тургуну кармалды. Ал түн ичинде авиакассалардын имаратынын чатырын бузуп кирип, уурулук жасап жүргөн. Аны шаардагы базардан кармашты.

Ал Кызыл-Кыя шаарында 3 уурулук жасап, жалпысынан 100 миң сомдун тегерегинде зыян алып келген. Териштирүү иштеринин натыйжасында ал Ноокат районунан дагы уурулук жасаганы аныкталды.

Кылмышка шектелген адам камакка алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×