Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 11.07.2019 15:58

Кыргыз тилинде жазылган 40тан ашык китеп жарык көрдү

Turmush -  Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада кыргыз тилиндеги 40тан ашуун китептин бет ачары өттү. Бул тууралуу Ош технологиялык университетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Кыргыз тил» коомунун колдоосу менен өткөрүлгөн иш-чара кечээ, 10-июль күнү болгон. Анын жүрүшүндө ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамынын эмгектери, тактап айтканда ОшТУнун ректору — профессор Абдыкадыр Абидов жана профессор Базарбай Тагаевдин «Метрология, стандартизациялоо жана сертификациялоо» окуу китеби, профессор Камалдин Жумабаев жана ага окутуучулар — Азизбекова, Арзиматов, Сейит Артыкбаевдин «Турмуш-тиричилик коопсуздугу сабагы боюнча лекциялардын курсу» окуу китеби, профессор Адилжан Маруфий жана доцент Элмира Рысбекованын «Материалдардын каршылыгы» китептеринин бет ачары болду.

«Аталган китептер жогорку окуу жайлардын жана атайын кесиптик окуу жайлардын окуу программаларында колдонулат. Иш-чарага билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, коомдук ишмерлер, илимпоздор, мамлекеттик "Кыргыз тил" коомунун төрагасы Ишенбай Назаров катышты», - деп айтылат ОшТУнун басма сөз кызматынын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×