Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусу, Баткен 11.07.2019 13:16

Баткенде милициянын подполковниги С.Жороев менен майор З.Баймурзаев пенсияга узатылды (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы Ж.Садиров атындагы Бүргөндү айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электердин иштери боюнча участкалык инспектору, милициянын подполковниги Жороев Султанали Эгембердиевичти ардактуу эс алууга узатышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда аталган түзүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, ал Кадамжай РИИБде аймактык тескөөчү, коомдук коопсуздук кызматынын жетекчиси, аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жетекчиси, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштеген инспектор болуп көп кызматтарды аркалап келген. Бир топ оор кылмыштардын бетин ачууга салым кошкон. Милициянын катарында жалпысынан 30 жылдан ашуун кызмат өтөгөн.

Ал эми Баткен ОИИБде өзгөчө маанилүү иштердин тергөөчүсү, милициянын майору Баймурзаев Замирбек Эгембердиевич эс алууга кетти. Ал милиция кызматында жалпысынан 25 жылдан ашуун иштеген. З.Баймурзаев алгач эмгек жолун Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынан баштап, кийин тергөө кызматында көп жыл эмгектенген. Тергөө кызматында көп кылмыштардын бетин ачканга жардам берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×