Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусуКадамжай району 08.07.2019 21:00

Кадамжайлык 20 бала Ысык-Көлдө акысыз эс алууга жөнөп кетишти

Ысык-Көл
Ысык-Көл

Turmush -  Кадамжай районуна караштуу Марказ айыл өкмөтүндөгү ата-энесинен эрте ажыраган балдар Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Ислам Исмаилов билдирди.

6-июль күнү Марказ айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда жашаган жарым-жартылай жана томолой жетим балдар айыл өкмөттүн эсебинен Ысык-Көлгө жайкы лагерге жөнөтүлгөн.

И.Исмаиловдун айтымында, демилге айыл өкмөт башчы Кубанычбек Тургунов тарабынан көтөрүлгөн. Жалпысынан эс алууга мектеп жашындагы 20 бала кетти.

«Жол кире, тамак-аш, бардык каражаттар айыл өкмөттүн эсебинен каржыланат. Жалпы 210 миң сом акча бөлүндү», - деди И.Исмаилов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×