Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусуБаткен району 08.07.2019 14:12 На русском

«Чыр чыкпасын деп чек арачыларды чакыргам»: 70 жаштагы эне интернетке тараган видео тууралуу айтып берди. Видео

Чарбак айылынын тургуну Гүлшахан Саматова
Чарбак айылынын тургуну Гүлшахан Саматова

Turmush -  70 жаштагы Гүлшахан Саматова Баткен районунун Чарбак айылынын тургуну. 22 жашында жолдошу менен ажырашып, 2 уулун жалгыз чоңойткон. 50 жылдан ашык убакыттан бери Чарбак айылындагы Өзбекстан менен чектешкен жерде жашайт. Айылдагы жолдун бир жагы Кыргызстанга караса, бир жагы Өзбекстанга тиешелүү.

Бак ташып иштеп жаткан чек арачылардын видеосу дал ушул Гүлшахан апанын үйүнөн тартылган. Жалгыз бой эне менен аймактык кабарчы маектешти.

Жумуштун жоктугунан анын 2 баласы Россияга иштегени кеткен.

«Үйүм Өзбекстан менен чектешкен жерде. Дарбазадан чыкканда эле жолдун аркы бети Өзбекстан. Кошуналарым Өзбекстандын жарандары. Балдарым Россиядан акча салып, 2016-жылы үй куруп баштаганбыз. Үй толук бүтө элек», - деди Г.Саматова.

Жакында эле айылда катуу шамал болуп, электр зымдары үзүлгөн. Анын кесепетинен жалгыз бой эне электр энергиясы жок жашап жатат.

«Июль айынын башында катуу шамал болуп, жарыксыз калдым. РЭСтин кызматкерлерине кайрылсам келишкен жок. Шам жагып отурам. Күнү-түнү чыр-чатак болбосо экен деп, кудайлап жашап келем», - дейт Гүлшахан эне.

Анын айрым үй жумуштарына айылдаштары жардамдашып турушат. 3-июль күнү 3 түп терегин электр зымдарына тоскоол болуп калгандыктан курулуш иштерине жарап калар деп айылдаштарынын жардамы менен кыйдырган. Бирок бактар жолду тосуп калган.

«Теректи жыксак, Өзбекстан менен чектешкен жерге жыгылып калды. Аны жылдырууга үйдөгү жашы улуу болгон эки устанын күчү жетпей койду. Өзбек туугандар "жолду тостуңар" деп чыр чыгып кетпеши үчүн жаштардан чакырууга туура келди. Буга чейин болор-болбос нерсенин айынан айылда чыр чыга берип, кооптонуп калганбыз.

Бирок Чарбак айылында жумуш жок болгондуктан жаштардын көбү шаарга, чет өлкөгө жумуш издеп кетишкен. Жаштардан бирөө-жарымды таба албаган сон, кыргызстандык чек ара кызматкерлерине жардам сурап кайрылдым. «Болбойт» дешкенине карабай сурандым. Алар 10 мүнөттүн ичинде теректи жолдон алып, кайра кетишти. Чек араны кайтарып, биздей жалгыз бой энелерге жардам беришкенине ыраазы болдум», - деди жалгыз бой эне.

Бирок ошол күнү чек ара кызматкерлери 10 мүнөткө келип, жыгылган теректи жолдон алып, кайра кетишкени видеого түшүп калган. Ал видео интернетке «чек арачылар чек араны кайтарбай, чоңдордун жумушун кылып жүрүшөт» деген пикир менен тарап кеткен.

Ал эми 2022-аскер бөлүгүнүн Чарбак чек ара заставасынын башчысы, улук лейтенант Мурзакмат Амирбеков энеге жардам берүү үчүн жоокерлер өз ыктыяры менен барышканын билдирди.

«3-июлда саат 16:00 чамасында Чарбак айылынын тургуну — 70 жаштагы жалгыз бой эне мага телефон чалган. "3 терегимди кыйдырдым, жолдо турат. Жылдырышып койгула" дегенинен сунушун четке каккам. Кийин дагы телефон чалды. "Терек жолго жыгылып, жолду тосуп калды. Өзбек туугандар жолду жаптыңар деп чыр чыгып кетпесин, жашы улуу адамдар теректи жылдыра албай жатышат" деди. Мен чек ара кызматкерлеринен «ким өз каалоосу менен эненин терегин жылдырып келет?» деп сурагам. Каалоочуларды жөнөткөм. Ал жакта болгону 10-15 мүнөт болуп, теректи жылдырып, кайра келишти», - деди ал.

Гүлшакан Самакова чек арадагы жаңжалдан бир нече ирет терезесинин айнеги сынып, акыры сынган бойдон эле калтырганын айтты. Аны бир жолу Чарбак айылындагы чек ара бөлүгү калыбына келтирип берген.

«Мага окшогон жалгыз бой энеге чек арачылар жардам берсе, эмнеси жаман? Эгерде мындай колдоо болбосо башка жакка көчүп кетип калмакпыз. Биз бул жактан шартыбыз жок кете албай, айласыз отурабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×