Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусу, Баткен 08.07.2019 13:34

Баткендик окуучулар Тажикстанда, тажикстандык ардагерлер Ысык-Көлдө эс алып жатышат

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Баткен облусундагы мектептерде билим алган алдыңкы 18 окуучу коңшу Тажикстандын Согди облусундагы Бахористан шаарына эс алууга жөнөтүлгөн. Алар балдардын эс алуу борборуна жайгаштырылганын жергиликтүү бийлик аймактык кабарчыга билдирди.

Мындай демилге эки элдин ортосундагы достукту, ынтымакты жана биримдикти бекемдөө максатында демилгеленген. Балдар үчүн бардык шарттар түзүлүп, эс алуу борборунда ар кандай сынактар, оюн-зооктор, экскурсия да уюштурулуп жатат.

Ошондой эле Согди облусунун Исфара районунан эмгектин ардагерлери, ардактуу инсандардан турган топ (18 адам) Ысык-Көл облусундагы «Ысык-Көл» эс алуу борборуна эс алуу үчүн келишкен. Алар үчүн атайын Ысык-Көлдөгү кооз жерлерге саякаттар уюштурулуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×