Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусу, Баткен 08.07.2019 11:32

Баткенде ак халатчандарга сыйлык тапшырылды

Turmush -  Баткенде саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.

Облустук деңгээлдеги салтанатка өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров катышып, дарыгерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Сиздер адам баласынын өмүрүнө өмүр, жашоосуна жашоо улаган дүйнөдөгү эң асыл, ардактуу кесип ээлерисиздер. Мамлекеттин негизги байлыгы — адам ресурсу. Ал эми ар бир адамдын башкы баалуулугу — анын ден соолугу. Элибизде «Дени сак улут — дени сак өлкө» деп бекеринен айтылбайт. Ошондуктан, сиздердин жумуш түйшүктүү эле эмес, өзгөчө жооптуу», - деп белгилеп, алдыңкы дарыгерлерге сыйлыктарды ыйгарды.

Андан соң, ыйгарым укуктуу өкүл Кадамжай райондук аймактык ооруканасынын экинчи имаратынын курулуш иштери менен таанышты.

Имараттын курулушу дээрлик аяктап, пайдаланууга берилүү алдында турат. Оорукана 150 орунга ылайыкташкан. Курулушка республикалык бюджеттен 86,4 млн сом каралып, учурда анын 68 млн сому каржыланган.

Алдыда ооруканага медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн дагы 28,4 млн сом керектелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×