Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусуБаткен району 06.07.2019 20:00

Баткенде суу жээктерине атайын белгилер орнотулду

Turmush -  Баткен районунун Кызыл-Бел айылында сууга түшпөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Алимбек Гыязов билдирди.

Анын айтымында, Баткен шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө суунун жээктерине эскертүү белгилерин орнотуу тууралуу эскертүүлөр берилген. Ал эми Кызыл-Бел айылынын башчысы Абдилла Исаков айылдагы кооптуу делген эки көлмөгө жана «Р 5» каналына атайын эскертүү тактайлары коюлганын айтты.

«Балдарга жана ата-энелерге жайкы эс алуу учурунда сууга түшүүнүн коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө», - деди А.Исаков.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×