Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусуБаткен району 06.07.2019 11:23 На русском

Сүрөт — Баткенде өрүк терүү иштери кызуу жүрүп жатат

Turmush -  Баткен облусу өрүгү жана өрүк кагы менен таанымал. Учурда Баткенде өрүк кургатуу иштери башталып, жумуштар кызуу жүрүүдө, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ар бир үйдүн короосунан эң аз дегенде 10-15 түп өрүк багын көрүүгө болот.

Өрүк 2 жол менен кургатылат: табигый жана ыштоо жолу. Табигый жол менен кургатууда өрүктү терип, жайып коюу гана жетиштүү. Ал эми ыштоодо алтын күкүрт колдонулат.

Учурда жергиликтүү тургундар өрүк терип, как даярдоо менен алектенип жатышат. Бирок жашоочулар өрүктүн баасы төмөн болуп жатканын айтышты. Алар өрүк иштетүүчү ишканаларды ачып, чет өлкөгө экспорттону жолго коюу керек дешет. Анткени көпчүлүк жашоочулардын киреше булагы дал ушул өрүк болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×