Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусу, Баткен 04.07.2019 15:34 На русском

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткендеги заманбап Калкты тейлөө борборунда

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышты. Ал бүгүн, 4-июлда Баткен облусуна бир күндүк иш сапары менен келген.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетовдун маалыматы боюнча, бул борбор Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында калкты тейлөөнү жакшыртуу жана жакшы шарт түзүү максатында жаңы имаратка көчүрүлүп, 1-июлдан тарта өз ишин жаңы имаратта жүргүзө баштады. 2018-2019-жылдары борбордогу бардык кызматтар автоматташтырылган.

Жаңы имаратта жаран келип кайрылганда кеңири маалымат берүүдөн баштап автоматташтырылган система менен электрондук кезекке туруу, санариптик сүрөткө тартуу, паспортко кабыл алуу, убактылуу жана туруктуу каттоого туруу, жарандуулук алуу үчүн документтерди кабыл алуу, чет өлкөлүк жарандарды убактылуу каттоого алуу кызматтары көрсөтүлөт.

Мамлекет башчысы Калкты тейлөө борборун көрүп, анын иштөө принциптери менен таанышып чыгып, мындагы процесстерди санариптештирүүнүн жакшы үлгүсүн, ал өлкөнү санариптештирүү жылынын талаптарына толук жооп берерин канааттануу менен белгиледи. Иш процесстерин толук автоматташтыруу жана санариптештирүү бүт өлкө боюнча бардык мамлекеттик органдарды камтышы зарыл экенин баса белгиледи.

Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борбору 2015-жылдан бери иштейт. Анда 20 кызматкер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×