Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусуЛейлек району 03.07.2019 11:22 На русском

Зордуктоого шектелген 25 жаштагы кыргызстандык жигит Россиядан кармалды

Turmush -  Эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Россиядан кармалды.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, зордуктоо фактысына шектүү делген Лейлек районунда туулган 25 жаштагы М.У. аттуу жигит 2017-жылдын август айынан бери эл аралык издөөдө болгон. Ал ушул жылдын июнь айында Россиядан кармалып, Кыргызстанга өткөрүлгөн.

«Эки мамлекеттин милиция кызматкерлеринин биргеликте иш алып баруусунун негизинде издөөдө жүргөн шектүү кармалып, Баткен облусуна экстрадиция жолу менен алынып келди. Учурда тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат Баткен ОИИБдин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×