Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусу, Баткен 02.07.2019 17:26

Баткен окуясында каза болгондордун жакындарына берилүүчү 1000 сомду 7000 сомго көтөрүү демилгеленип жатат

Turmush -  Баткен окуясында курман болгондордун үй-бүлөсүнө төлөнүүчү 1000 сомду 7000 сомго, жаракат алган 20 адамга төлөнүүчү 7000 сомду 15 миң сомго көтөрүү күтүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Баткен окуясынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Канат Бакаловдун Баткен облусунда болгон иш сапарында айтылды.

Канат Бакалов баткенчи ардагерлерге ооганчы ардагерлер сыяктуу эле компенсация жана акчалай каражат берилерин айтты. Ардагерлер кеңешинин республиканын аймагында аткарган жумуштары тууралуу маалымат да берилди.

Негизги маселе катары ардагерлердин балдарынын жогорку окуу жайдан билим алышына да бериле турган жардамдар тууралуу кеп козголду. Кээ бир ардагерлердин документтери жок экендиги айтылды.

Бул жолугушууда бир катар адамдарга бир нече төш белгилер тапшырылып, сый тамак уюштурулду. Иш-чаранын алкагында Баткен шаарында согуш ардагерлерине арналып курулган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, куран окулду.

Баткен окуясында республика аймагынан 100дөй адам курман болгон. Бүгүнкү күндө Баткен облусунда 500дөй ардагер бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×