Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусуКадамжай району 02.07.2019 08:17

Кадамжай районунда малина терүү иштери кызуу уланып жатат

Turmush -  Кадамжай районунда малина терүү иштери кызуу уланып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү дыйкандар билдиришти.

Маалыматка караганда, биринчи терим жеңил жана мол болгондуктан 1 кг 35 сомдон сатылган болсо, азыркы үчүнчү терими 60 сомдон сатылууда. Кадамжай районунун Таш-Кыя айылындагы багбандар да бак өстүрүүнүн ордуна малина өстүрүүгө оой башташты. Аталган айылда 217 кожолук болсо алардын ар бирине 25 сотыхтан жер берилген. Жалпысынан 55 гектар аянтка малина көчөтү отургузулган. Малинаны Ош, Жалал-Абад, Бишкекке чейин алып барышып, 1 кг 40 сомдон 60 сомго чейин сатышат. Биринчи терими малинанын түшүмүнүн 60-70% түзөт. Калганы күзгү теримде жыйналат.

Сайипжамал Пахирова 70 сотых аянтына малина өстүргөн. Анткени жемиштин бул түрү аз аянтты ээлеп, 1 жылда 3 жолу түшүм берет. Ар бир сезондо ири өлчөмдөгү киреше табышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×