Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусуБаткен району 30.06.2019 09:21

Видео — Баткенде төрт бөлмөлүү үй өрттөнүп кетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Баткен районунун Самаркандек айыл округунун Орто-Сай айылында төрт бөлмөлүү үй өрттөндү. Бул тууралуу аймактык кабарчы ӨКМге шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, 1967-жылы туулган Ы.Касымбек аттуу жергиликтүү тургундун үйүнөн 29-июнда саат 11:56 чамасында өрт чыккан. Кырсык болгон жерге 8 өрт өчүрүүчү тартылган.

Өрттүн кесепетинен турак жайдын 108 чарчы метри өрттөнүп, үй толугу менен күйүп кеткен. Мындан тышкары, 11 килем, жаздык, сыналгы, муздаткыч, кир жуучу машина, 5 шкаф күйгөн.

Ошондой эле, үй-бүлөнүн 9 мүчөсүнүн – 5 адамдын жана 4 өспүрүм баланын документтери күйгөн. Өрт кырсыгынын себеби азырынча белгисиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×