Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусуБаткен району 27.06.2019 09:56 На русском

Баткенде 4 балалуу келин асынып каза болду

Turmush -  Бүгүн, 27-июнда Баткен районунда 33 жаштагы А.Б. аттуу келин асынып каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын туугандары кабарлашты.

Маалыматка караганда, ал кайын журтунун, күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып келген. Буга чейин жолдошу менен таарынышып, 4-5 жолу төркүнүнө келген. Артында 4 баласы калды.

Баткен ОИИБдин маалыматына караганда, 2019-жылдын 27-июнь күнү эртең мененки саат 07:30да Баткен РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн «102» кызматына Баткен районунун Кара-Булак айылында бир келин өз үйүндөгү шатыга асынып каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, окуя болгон жерге иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн ыкчам-тергөө тобу жиберилген.

Иликтөө учурунда каза болгон келин Баткен районунун Кара-Булак айылынын 33 жаштагы тургуну О.Б. экендиги аныкталган. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза адистери сыртынан кароо учурунда аялдын денесинде эч кандай жарааттары жок экендиги аныкталган.

Азыркы учурда окуя сотко чейинки өндүрүшкө алынып, иликтөө иштери алынып барылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×