Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусуКадамжай району 25.06.2019 15:21

Суунун көбүн Өзбекстан пайдаланат: Кадамжайдагы 3 айылдын эли сугат суу жок кыйналууда

Turmush -  Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүндө сугат суу көйгөйү чечилбей келе жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүүлөр билдиришти.

Алардын айтымында, айыл өкмөттөгү 3 айыл сугат суу жоктугунан 25 жылдан бери дыйканчылык кыла албай жатышат.

«Жыл сайын жаз алдында картошка, пияз эгем. Бирок суунун тартыштыгынан жакшы түшүм албай келем. Быйыл да 10 сотых аянтка пияз эктим эле. Суунун жоктугунан азыркыга чейин өспөй, четинен куурай баштады. Сууну сааты менен акча төлөп алабыз. Эми эгин өстүрбөй эле, көчөт тигип, бак кылам. Себеби бак сууну аз талап кылат. Болбосо натыйжа жок. Жылда эккен эгин кургап калат», - деди Чекелик айылынын тургуну Жайлообек Одилбеков.

Халмион айыл өкмөтүндөгү 850 гектарды, Жоошук, Чекелик, Көк-Талаа айылдарын сугаруучу Р1 каналынын 1,5 чакырымы Өзбекстандын чек арасын кесип өткөндүктөн, 60-70% сууну Өзбекстан колдонуп, суу жоготууга учурайт.

«Биздин Халмион айыл өкмөтүндөгү Жоошук, Чекелик, Көк-Талаа айылдарын жана 850 гектар жерди, андан сырткары Кадамжай шаарынын тургундарына таандык үлүш жерлерге суу жеткирген R1 каналы Өзбекстандын чек арасынан 1,5 чакырымды кесип өтөт. Андыктан суунун 60-70%ын өзбектер колдонушуп, биздин айылдарга суу жетпей калууда. Союз учурунда суу толук Кыргызстанга өтүп, көйгөй жок болчу. Азыр калктын саны да көбөйгөн. Анан чек ара тосулуп, суу кароолчулар да чек арадан кире алышпайт. Бул маселе эгемендүүлүк алгандан бери эле бар. Андыктан биз 2014-жылы каналды көз карандысыз кылуу долбоорун иштеп чыкканбыз. Бирок 98 млн сомдук долбоор ишке ашпай, абал өзгөргөн эмес. Маселе чечилбей турат, каражат бөлүнбөй келет. Эгер ушул долбоор иштеп калса, сугат сууга болгон тартыштык 80-90% жоюлмак», - деди Халмион айыл өкмөтүнүн башчысы Камалидин Бегматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×