Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусуБаткен району 24.06.2019 13:46

Бишкектеги футбол боюнча мелдеште жеңүүчү болгон баткендик жигиттерди салтанаттуу тосуп алышты (видео)

Turmush -  Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын жигиттери Бишкек шаарында өткөн кичи футбол боюнча мелдеште 1-орунду ээлешти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, чемпион жигиттер Баткенге бүгүн, 23-июнда кайтып келишти. Аларды Баткен шаарынан Кызыл-Бел айылынын башчысы Абдилла Исаков баштаган айылдаштары, ата-энелери, достору салтанаттуу тосуп алышты. Футболчулар үчүн сый тамак да уюштурулган.

Бул командадагы балдар Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев атындагы орто мектебин бүтүрүшкөн. Мектептеги 1999-2002-жылы төрөлгөн 7 бала окуучу кезинен эле футбол менен машыгып жүрүшөт. Азыркы учурда Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларда окуп жатышат. Окуудан кийин командадагы балдар чогулуп, футбол ойноп турушат.

Бул оюн марттын башында башталып, жеңүүчүлөр 22-июнда аныкталды. Ага 200гө жакын команда катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×