Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 24.06.2019 14:20

Кадамжайлыктарга сууга түшүүнүн кооптуулугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Turmush -  Кадамжай районунун аймагында калкка сууга түшүүнүн кооптуулугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин Кадамжай районундагы бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, ата-энелерге балдарын сууга түшүрүүдөн сактоо боюнча эскертүү берилип жатат. Буга чейин райондо сууга агып кеткен 2 өспүрүмдүн денелери табылган. ӨКМдин кызматкерлери сууга түшүүчү жайларга эскертүү тактайчаларын орнотуп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×