Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Чүй облусуЧүй району 23.06.2019 15:43 На русском

«2-кабаттан 1-кабатка ыргытып жиберген окшойт»: Чүйдө өз атасы сабаган кичинекей балдар оор абалда ооруканага түштү. Видео

Turmush -  21-июнда Сокулук районунда 3 жана 5 жаштагы балдар өз атасы тарабынан сабалып, бирөөсү оор абалда ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда аймактык кабарчыга балдардын 27 жаштагы апасы И. кызы А. билдирди.

Анын айтымында, бүгүн балдардын улуусу таенеси менен үйгө чыкса, кичүүсү ооруканада жатат.

«Мен Сокулуктагы Фрунзе айыл аймагындагы айылдардын биринде саанчы болуп иштейм. Ошол күнү мен күндөгүдөй эле жумушта болчумун. Жумуш аяктарына жарым сааттай калган. Мага кошунабыз келип, «балдарыңды күйөөң катуу сабап жатат, биринин үнү чыкпай калды» дегенинен дароо үйгө чуркадым. Келсем 3 жаштагы уулум эс-учун жоготуп жатыптыр. Улуу балам болсо тура албай отуруп калыптыр. Кебетесине караганда 3 жашар баламды 2-кабаттан 1-кабатка ыргытып жиберген окшойт. Жолдошум болсо «тепкичтен кулап кетти» деп койду. Ишкананын жетекчиси менен кароолчусу дароо балдарым менен мени тез жардамга салып, ооруканага алып кетишти.

Жолдошум экөөбүз тең айыл чарба багытындагы ишканада иштейбиз. Буга чейин деле балдарыма кол көтөрчү, бирок мен ортого түшчүмүн. Милиция жолдошумду алып кетти. Мен балдар үчүн тосмо арыз жазып бердим. Улуу балам жакшы болуп калды. Аны таенеси алып кетти. Азыр кичүү уулум ооруканада. Улуу балдарым эгиздер. Алардын бири качып кеткенге үлгүрүптүр», - деди ал.

Ал эми Сокулук аймактык ооруканасынын жетекчиси Совет Сооронбаев аталган балдардын кичүүсү ооруканага эс-учун билбей келгендигин белгиледи.

«2 баланын тең абалы оор болчу. Балдардын бири балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 3 жаштагы бала баш мээсинен жаракат алган. Ал ооруканага түшкөндө эс-учун билбей келген. Кечээ таңкы саат 6:00дө өзүнө келип, 2 сааттан кийин кайра эсин жоготту. Дене табы дагы 39 градустан түшпөй койгон. Экөө тең катуу коркуп калышыптыр. Бүгүн абалдары жакшы. Улуусу үйгө чыгарылды, кичүүсү дарыгерлердин көзөмөлүндө. Тийиштүү иштер аткарылып жатат», - деди ал.

Балдардын абалынан Сокулук районунун акими Асылбек Сатыбалдиев баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабар алды. Аким тиешелүү түзүмдөрдүн жетекчилерине, айыл өкмөт башчысына аталган балдардын мындан аркы тагдырын тыкыр көзөмөлгө алып, бардык жардамдарды көрсөтүүнү тапшырды.

Ал эми райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Максат Кеңешов алар дагы милицияга арыз жазыша тургандыгын айтты.

«Биз тараптан тиешелүү жумуштар аткарылды. Иш кагаздарын текшерип, бардыгын аныкташты. Эми бизден дагы РИИБге арыз жазылат. Ошондой эле бул үй-бүлөгө мындан аркы тагдыры боюнча иш пландары түзүлөт. Балдар апасы менен болот. Дайым көзөмөлгө алуу үчүн айыл өкмөттүн социалдык өнүктүрүү кызматкери жана бизден бир кызматкер бөлүндү. Биринчи күнү кризистик борбордун да кызматкерлери бул балдар менен иш алып барышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×