Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусуКадамжай району 23.06.2019 00:23 На русском

Табылбай жатат: Кадамжайда 12 жаштагы кыз каналга агып кетти

Turmush -  Кечээ, 22-июнда Кадамжай районуна караштуу Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын Кайтпас айылындагы каналга түшүп кеткен 12 жаштагы кыз изделип жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ айылдагы каналга 2007-жылы туулган Т.А. аттуу жаш кыз түшүп кеткен. Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМден жалпы 45 куткаруучу тартылган. Бирок түн киргенине байланыштуу саат 21:30да аракеттер убактылуу токтотулду. Кызды табуу аракеттери бүгүн, 23-июнда дагы улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×