Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баткен облусуБаткен району 22.06.2019 15:00

Баткенде жашы жете элек кыздын турмушка чыгып, төрөгөндүгү боюнча иш сотто каралууда

Баткен шаары
Баткен шаары

Turmush -  Баткен районунда жашы жете элек кыздын көз жарышы боюнча окуя кайрадан сотто каралат. Бул тууралуу Баткен районунун прокурору Анвар Исманов билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдын ноябрь айында Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жашы жете элек өспүрүм кыздын төрөгөндүгү боюнча укук коргоо органдарына кабар берилген. Текшерүүнүн натыйжасында төрөгөн кыз 2001-жылы туулгандыгы, ал 2017-жылы турмушка чыккандыгы такталган. Ал Баткен шаарынын 1995-жылы туулган тургуну Р. менен ата-энелеринин кудалашуусу аркылуу турмушка чыккан. Алардын баш кошуусунда никеге туруу жөнүндөгү мыйзамдар бузулган.

Бул факт 2018-жылдын 29-ноябрында Баткен ШИИБде катталып, 14-декабрда Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 155-беренеси (аялды никеге турууга мажбурлоо же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу) боюнча кылмыш иш козголгон. Тергөөнүн жыйынтыгы менен 4 адамдын аракеттеринде, башкача айтканда жашы жете элек кыздын апасынын, нике кыйган молдонун, кыздын нике курагына толо электигин билип туруп үйлөнгөн күйөөсүнүн, анын апасынын аракетинде кылмыштын белгилери аныкталган.

Кылмыш иш Баткен райондук сотуна кароого жиберилген. Райондук сот 2019-жылдын 8-февралындагы токтому менен айыпталган 4 адамды КРнын Жазык кодексинин (жаңы кодекс) 61-беренесинин негизинде (жабырлануучу менен макулдашууга жетишкенде жазык жоопкерчилигинен бошотуу) кылмыш жаза жоопкерчилигинен бошотуп, кылмыш ишти өндүрүштөн кыскарткан. Бирок Баткен райондук прокуратурасы соттун чечиминин үстүнөн Баткен облустук сотуна апелляцияллык арыз берген. Учурда бул иш облустук сотто кароо алдында турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×