Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусуЛейлек району 22.06.2019 10:42

Айыл турмушу: Лейлектик жылкычы Т.Отонов элди саамал менен дарылап, жайлоодо ишкерлик кылууда (сүрөт)

Turmush -  Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын тургуну Толкунбек Отонов жай мезгилинде үй-бүлөсү менен Тоо-Жайлоо жайлоосунда жылкы багат. Аймактык кабарчы жылкычыдан кабар алды.

Анын айтымында, колунда 10дон ашуун бээси бар. Соңку мезгилде бээнин сүтүнө болгон суроо-талап жогору болгондуктан бул тармакты колго ала баштаган. Жыл сайын жайлоого чыгып, саамал менен элди дарылап, туруктуу кардарларын табууга жетишкен.

«Күнүнө бээнин сүтүн ичкендер кезектешип келип турат. Жылкы багууга кызыгам. Элге дары болсун деп жайлоолоп элди дарылап кызмат кылып жатабыз. Саамалдан бир сезондо 50-60 миң сом киреше табабыз. Андан сырткары курут, май даярдап кирешени 100 миң сомго чейин жеткиребиз», - деди ал.

Бээнин сүтү 1 күндө 1,5 саат аралык менен 5 маал саалат. Бул жакка ден соолугун чыңдоо учун келген Жайнагүл Абдрахманова 5 күндөн бери 5 маал саамал ичип жаткандыгын айтты. Саамал, кымыз ичүүгө Кыргызстан эле эмес, Тажикстан жана Өзбекстандан дагы адамдар келишет.

Дарыгер Бүбүниса Алишерованын айтымында, саамал ичкен адамдын иммунитети 1 жылга чейин бекем болуп, ар кандай оорудан алыс болот. Бирок саамал ичүүдө дарыгерлердин кеңешин алуу керек. Гипертония, ичеги-карын оорулары бар адамдарга саамал ичүүгө болбойт. Ошондуктан алар дарыгердин кеңешин алып ичиши керек. Ичкенде да аз өлчөмдөн баштап, акырын көбөйтүп ичүүгө болот. Саамал кургак учук, аз кандуулук сыяктуу ооруларга даба болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×