Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусу, Баткен 21.06.2019 18:51 На русском

«Таятама барам»: Ээн жерде жалгыз жүргөн 4 жаштагы бала табылды. Видео

Turmush -  Бүгүн, 21-июнда Баткен шаарында ээн жерде жалгыз кетип бара жаткан 4 жаштагы бала табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен шаарынын 2015-жылы туулган тургуну А. уулу Б. Ак-Татыр айыл аймагынын Орто-Боз айылындагы таятасына барам деп, эч кимге айтпай үйүнөн саат 12:00 чамасында чыгып кеткен. Ал Баткен шаарынан өткөн К.Батырканов каналын бойлоп, 4-5 км жолду жалгыз басып өткөн. Жолдо бара жатканда Баткен ШИИБдин кызматкерлери көрүп калып токтотушканда, «таятама барам» деп жооп берген. Ата-энесинин ким экендигин тактап айтып бере алган эмес. Андан соң милиция кызматкерлери тиешелүү иштерди жүргүзүп, баланы саат 16:30 чамасында жакындарына тапшырды.

Анын жакындары баланы аман-эсен таап берген Баткен ШИИБдин кызматкерлери Руслан Ысмановго, Гүлзат Бектурсуновага, Нуржамал Абдубалиеваларга ыраазычылык билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×