Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 18.06.2019 15:03

Кадамжайда чет өлкөдөн 200 миң сомдук жүктү мыйзамсыз жол менен алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды

Turmush -  Бүгүн, 18-июнда Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Токсон аймагында мыйзамсыз жүк ташып өтүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын жараны Өзбекстандан өлкө аймагына тиричилик буюмдарын алып өтүүгө аракет кылган. Аткезчилик жүктүн жалпы баасы 200 миң сомду түзгөн. Кармалган адамдын жанында жүккө тиешелүү документтер жок болгон. Кармалган жүк менен адам Бажы кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×