Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 17.06.2019 12:02 На русском

Кызыл-Кыяда унаа койдуруп кеткен 66 жаштагы адам каза болду

Turmush -  13-июнда Кызыл-Кыя шаарында унаа койдуруп кеткен 66 жаштагы адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Баткен облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, ал күнү Кызыл-Кыя шаарынын 54 жаштагы тургуну Т.А. «Сузуки Вагон» үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып, шаардын Ак-Булак айылындагы көчөдөн жолдун четинде бара жаткан А.А. аттуу адамды койдуруп кеткен. Анын кесепетинен 66 жаштагы А.А. окуя болгон жерде каза болгон.

Аталган кырсык боюнча Кызыл-Кыя ШИИБ тарабынан тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×