Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусуЛейлек району 17.06.2019 11:15

Баткенде 2 күн катары менен жер титиреди

Turmush -  Кечээ, 16-июнда саат 18:35 чамасында Баткен облусунун аймагында очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн күчү Кадамжай районунун Кара-Шоро айылында 2 баллга чейин жеткен. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ал эми бүгүн, 17-июнда саат 05:50 чамасында очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн күчү Лейлек районунун Өзгөрүш, Катраң айылдарында 3 баллга, Маданият, Кара-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин жетти. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×