Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусу, Айдаркен 17.06.2019 07:35

Айдаркен шаарына жаңы мэр шайланат

Turmush -  Борбордук шайлоо комиссиясы Баткендеги Айдаркен шаарынын мэрин шайлоо күнүн белгиледи. Шаардык кеңештин депутаттары 1-июлда саат 9:00дөн баштап 12:00гө чейин добуш беришет, деп билдирди БШК.

Айдаркен шаарынын мэри болуп эмгектенип жаткан Мумбаев Мухубилла Пахридинович өз каалоосу менен жазган арыздын негизинде кызматынан бошотулганын 7-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген.

М.Мумбаев мэр болуп (61 жашында) 2017-жылы шайланган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен анын талапкерлигин шайлоого катышкан шаардык кеңештеги 19 депутаттын ичинен 17 эл өкүлү колдогон. Ал мэрлик кызматка КСДП саясий партиясы тарабынан сунушталган болчу.

Мэр кызматына кимдер талапкер боло алат?

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 42-беренесине ылайык:

- жогорку билимдүү;

- мамлекеттик же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес эмгектенген же билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик мекемелерде, уюмдарда, мекемелердин жана жеке менчик чарба субъекттеринде жетекчилик кызматта 5 жылдан кем эмес эмгектенген Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри кызматына талапкер болууга укуктуу.

Соттуулугу бар жаран талапкер боло албайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×