Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусуБаткен району 16.06.2019 09:49

Баткенде катары менен сууга чөгүп кетишкен 2 жигитти таап чыгышты (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 15-июнда Баткен районунун Төрт-Гүл суу сактагычында сууга чөгүп кеткен 2 жигит табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда аймактык кабарчыга ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, издөө иштеринин натыйжасында бүгүн саат 07:35те 1999-жылы туулган С.Н.нын, саат 07:55те 1997-жылы туулган А.Б.нын денелери табылды. Издөө иштерине ӨКМден 34 куткаруучу тартылган.

Окуя тууралуу:

Кечээ, 15-июнда Баткен районунун Төрт-Гүл суу сактагычында 2 жигит сууга чөгүп кеткени кабарланган.

Маалыматка караганда, кырсык болжол менен саат 16:00 чамасында болгон. Анда Баткен шаарынын 1997-жылы туулган тургуну Б.А. менен Самаркандек айылынын 1999-жылы туулган тургуну С. уулу Н. сууга түшүп жатып чөгүп кетишкен.

Алдын ала маалыматтарга караганда, алардын бири сууга чөгө баштаган. Ошол учурда экинчиси жардамга барып, ал дагы чөгүп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×