Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусуЛейлек району 16.06.2019 12:30

Кыялдар кыял бойдон калбаш керек: А.Егембердиева ата-энесин көндүрүп, Абу-Дабиде иштеп жатат (сүрөт)

Turmush -  24 жаштагы Айпери Егембердиева Абу-Дабидеги алдыңкы мейманканада иштеп, кыялдарын ишке ашыруу үчүн кам көрүп жатат. Turmush басылмасы алыстагы мекендеш менен таанышты.

Үй-бүлө жөнүндө сөз

Мен Лейлек районундагы Андарак айылында төрөлгөм. 3 акем бар. 1 жашка чыкканымда үй-бүлөбүз менен Бишкек шаарына көчүп келгенбиз. Мектепти жалаң 5 деген баа менен окуп бүткөм. Андан кийин Түркиядагы жогорку окуу жайга бюджетке өтүп, бирок үйдөгүлөр уруксат бербей койгонуна байланыштуу Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин журналистика факультетинде билим алдым. Жогорку окуу жайды 2018-жылы аяктадым. Мектепте президент болсом, университетте ар кандай иш-чаралардан калбай катышчумун. 1-курсумда ыктыярчы катары долбоорлор менен Түркияга барып келгем. Ал жакта түрк үй-бүлө менен бирге жашап, жаңы өлкөдө жаңы маданиятты үйрөнүүгө алгачкы тажрыйбам топтолгон. Ошондон тарта чет өлкөгө барып, эл көрүп, жер кыдырууга кызыгып калдым. Бизден алда канча өнүгүп кеткен мамлекеттерге барып, билим алып, тажрыйба топтогум келди. Негизи окуучулук кезде эле саякаттоону кыялданчумун. Ошондо эле англис тилин үйрөнүү үчүн ийримдерге барчумун. Максаттарымды ишке ашыруу үчүн ар кандай программаларга да катыштым. Америкага барып окуп келүүнү абдан кыялданар элем. АКШнын студенттер үчүн атайын программасына документтеримди тапшырып, атаандаштардын көптүгүнөн өтпөй калгам. Алар бүткүл өлкө боюнча 4-5 гана студентти кабыл алат экен. Андан кийин Түркиядагы студенттерди алмашуу программасына өтпөй калгам.

Чет өлкөгө чыгуу үчүн ата-энемдин уруксатын алуунун жолун таптым

Негизи үйдө жалгыз кыз болгондуктан ата-энем, акелерим чет жакка чыгуу максатыма каршы болуп келишкен. Алардын ой жүгүртүүсүнө таасир берүү жана англис тилин дагы терең үйрөнүш үчүн дүйнөлүк жаштар уюму аркылуу өлкөбүзгө келген кыздарды үйгө жашатчумун. Менин үйүмө программа аркылуу Германиядан, Кытайдан, Индонезиядан, Түркиядан кыздар келип, ар бири 2 айдан жашап кетишти. Алар менен бир үйдө жашап, англис тилин билүү деңгээлимди өнүктүрүп, күнүгө жаңы маалыматтарды алдым. Ал кыздар жана ата-энем, бир туугандарым болуп бир столдо тамактануу учурунда котормочу катары күнүгө практика кылчумун. Ошентип отуруп үй-бүлөмдүн ой жүгүртүүсүнө таасир берип, чет жакка чыгууга уруксат берүүсүнө аракет кылгам.

Студенттик кезде Гүлзат Мамытбек менен иштешип калдым

Студенттик кезде өзүмдүн кесибим боюнча теледолбоорлор менен иштеп да жүрдүм. Окуу борбордун жетекчиси болгон Гүлзат Мамытбек менен телеканалдардын биринде «Миллионер бол» теледолбоорун чыгарганбыз. Англис тилин окууга уюлдук колдонмо чыгаруу үчүн стартап баштап, видеолорду тартып, акырында аны сайтка айландырганбыз. Андан соң мейманканада кабылдамада иштедим. Көп өтпөй туристтер менен иштөөгө мүмкүнчүлүк жаралып, ошол жакка иштеп кеттим. Туристтерди Кыргызстандын аймактарына алып барып эс алдырчубуз. Алар табиятыбызга суктанып, ыраазы болуп кетишчү. Ар кандай өлкөдөн келген туристтер менен баарлашып, чет жакка чыгууга болгон каалоом дагы күчөй берди.

Алыска сапар

Ошентип шаардагы чет жактан жумуш таап берүүчү агенттиктерди издеп, Бириккен Араб Эмираттарына барууну чечтим. Топтогон тажрыйбам аркылуу маектешүүдөн оңой эле өтүп, 1 айдын ичинде Абу-Дабиге жөнөп кеттим. Бул жакта 5 жылдыздуу мейманканада конокторду тосуп алып, узатып, керектүү нерселерди камсыздоону көзөмөлгө алып иштейм. Турак жайы, 3 маал тамагы бекер. Шарттары абдан жакшы. Айлык маянам 1000 доллардан ашат. Айлыкты өз убагында, кечиктирбей беришет. Бул жерде ар кайсы улуттун өкүлдөрү иштейт. Күнүгө тамактанып отурганда бир столдо 10 улуттагы адамдар отурса башкача көрүнөт. Жумушчуларга жакшы кам көрүлгөн. Майрамдарда ар кандай иш-чаралар болуп турат. Майрамдарга жараша тамактар өзгөрөт. Ар бир жумушчунун туулган күнүн эске алып, куттуктоо кагазын берип, куттуктап турушат.

Абу-Даби жөнүндө

Абу-Дабиде мыйзам катуу иштейт. Тартип, коопсуздук катуу көзөмөлгө коюлган. Тартип бузууга каралган атайын ар кандай айыптар бар. Мисалы жол чыракта кызыл түс учурунда өтүп кетсең 400 дирхам (7600 сом) төлөйсүң. Көчөдө тартип бузуп же алкоголь ичимдигин ичип жүргөн адамды көрө элекмин. Адамдар полиция кармаса алар үчүн чоң көйгөй болорун жакшы билет. Ошону үчүн баары тартип бузуудан алыс болушат. Мисалы, Дубайдагы метродо аялдар үчүн өзүнчө, эркектер үчүн өзүнчө кабиналар бар. Көчөдө кучакташып турган түгөйлөрдү көрбөйсүң. Бул тартип бузуу болуп саналат жана ага тыюу салынат. Көчөлөрү абдан таза, таштанды таштагандарга да акчалай айып каралган. Калктын 80%ы ар улуттун өкүлдөрү. Алар ар кандай жумушта кызмат кылышат. Индия жана Филиппинден келген жумушчулар көп. Жергиликтүү тургундар мамлекет тарабынан жакшы кам көрүлүп, акчалай да колдоо болуп турганы үчүн оор жумуштарда иштешпейт.

Дүйнөдөгү эң чоң аттракцион паркы, эң кооз шейх Зайддын мечити бар. Ал 600 млн долларга салынган. Мындан башка дагы көптөгөн кызыктуу жерлери бар. Мыйзам катуу иштегендиктен талап-тоноо, уруулук, коррупция деген нерселер жокко эсе.

Келечекте кыялдарымды ишке ашыргым келет

Келечекте дагы көп саякаттагым келет. Өзүмдүн кесибиме, ошол эле учурда туризмге, маданиятка байланышкан ар кандай мамлекеттер жөнүндө маалымат берүүчү, дүйнө таанымды өстүрүүчү саякат жөнүндө телекөрсөтүү алып баргым келет. Көптөгөн адамдар саякатка чыгууну эңсешет. Бирок көбү чыга албай келет. Саякат боюнча кызыктуу китеп жазгым келет. Албетте, келечекте үй-бүлө 1-орунда. Кыялымдагы мырзага турмушка чыгып, энелик бакытка ээ болгум келет.

Айпери бийкеч үй-бүлөдө 4 бир туугандын эң кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×