Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусуКадамжай району 17.06.2019 09:10

«Мелдешке карыз акча алып барып келдим»: Чемпиондукту багындырган Дилдора айымдын көйгөйүн ким угат? Видео

Turmush -  7-июндан 10-июнга чейин таяк тартыш боюнча Азербайжандын Баку шаарында өткөн дүйнө чемпионатынын кубогу үчүн тандап алуу этабындагы мелдеште баткендик спортчу айым Дилдора Рахманова чемпиондукту утту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Спортчунун өзүнүн айтымында, мелдешке катышуу үчүн Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү мечиттердин бирине чогулган акчадан 50 миң сом карыз алган. Андан сырткары Ош шаарындагы авиакассалардын биринен билетти да 38 миң сомго карызга алган.

«Азербайжандын Баку шаарында өткөн таяк тартыш боюнча дүйнөлүк кубоктун тандап алуу турунун биринчи этабына катышып, 1-орунду алдым. Анда мен 85 кг салмактан жогоркулар менен таяк тартыштым. Биздин салмакта 24 спортчу күч сынашты. Мен польшалык, азербайжандык, якутиялык спортчуларды жеңип, финалда россиялык спортчуну уттум. Бул мелдештин экинчи этабы Ташкент шаарында, үчүнчү этабы Польшада болот экен. Мелдештин биринчи этабынан өтүп, экинчи этабына жолдомо алдым», - деди ал.

Ал ошондой эле спортчуларга жергиликтүү бийлик тарабынан каржылык колдоо жок экендигин белгиледи.

«Мен айылдашымдан 50 миң сом алдым. Мындан сырткары билетти да 38 миң сомго карызга алып кеттим. Бул акчаларды өзүмдүн жанымдан төлөйм. Мелдешке барганга чейин каржылык көмөк сурап өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө кайрылганбыз. Бирок ал жактан «бул кубоктун бизге пайдасы барбы?» деп сурап... Кыскасы жардам бере албастыгын айтты. Кадамжай районунун акимчилигине да кайрылгам. «Кыргызстандын ичиндеги мелдештерге баруучу спортчуларды каржылай албай жатабыз. Чет мамлекетке баргандарды каражат менен камсыздай албайбыз. Барып келгениңерден кийин кеткен каражатты беребиз» дешти. Буга чейинки мелдештерде Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы жардам берчү. Бул ирет ага кайрылгандан уялдым.

Баку шаарындагы мелдеште чет өлкөлүк спортчулардын машыктыруучулары мага алардын өлкөсүнүн атынан чыгуумду сунушташты. Алар мага «үй-жай менен камсыздап, чоң суммадагы акча беребиз» деп айтышты. Бирок мен алардын сунушунан баш тарттым. Себеби өз өлкөмдүн желегин желбиретишим керек», - деди Дилдора айым.

Аталган маалымат чыккандан кийин Дилдора айым байланышка чыгып, журналист менен сүйлөшүү учурунда айрым сөздөрдү түшүнүшпөй калып, туура эмес маалымат берилип кеткендигин билдирип, тактоолорду киргизди.

Анын айтымында, жол киреге деген акчаны мечиттен эмес, айылдаш эле адамдан алган. Акчанын көлөмү 50 миң сом эмес, 40 миң сом болгон. 40 миң сомдун 38 миң сомуна Бакудагы мелдешке барып жана кайтып келүү үчүн билет алган. Ал эми Оштон Бишкекке учуу үчүн билетти карызга алган. Мелдештин алдында Баткен облусунун жетекчилигине жардам сурап кайрылганда алар бул маселени чечүү үчүн спорт комитетине кайрылыша тургандыктарын, комитет каражат бөлүп берсе жардам берилерин айткан. Бирок комитеттен чет өлкө эмес, Кыргызстандын ичиндеги мелдештерге баруучу спортчуларды каржылай албай жатышкандыктарын айтышкан. Андан кийин Кадамдай районунун акимчилигине кайрылган. Акимчиликтен анын мелдешке бара берүүсүн, кеткен каражатты кайтып келгенден кийин төлөгөнгө жардам беришерин айтышкан.

Спортчу айым буга чейин алыш күрөшү боюнча Көчмөндөр оюндарынын, дүйнөнүн чепиону болгон. Түркмөн күрөшү, бел боо күрөшү боюнча да дүйнөнүн чемпиону. Таяк тартыш боюнча дүйнөлүк чемпионатта байгелүү орунду жеңген. Таяк тартыш, белбоо, алыш күрөш боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону болууга жетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

31.10.2016Кыргызстандык Д.Рахманова түркмөн күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугун багындырды (видео)
10.11.2016Россиядагы турнирде алтын байге уткан балбан айым Д.Рахмановага 35 миң сом сыйлык ыйгарылды
22.11.2016Баткендик балбан айым Д.Рахманова Бишкектеги турнирде 1-орунду ээледи
15.12.2016Кыргызстандык Д.Рахманова алыш күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 2-орунду ээледи
27.02.2017Баткендик балбан айым Д.Рахмановага «2016-жылдын мыкты спортчусу» сыйлыгы ыйгарылды (фото)
09.11.2017Видео, фото - Дилдора Рахмановадан дагы бир медаль: Аны дүйнөлүк чемпионаттан салтанаттуу тосуп алышты
19.12.2017Д.Рахманова таяк тартыш боюнча Россияда өткөн мелдеште 2-орунду ээледи
21.12.2017Д.Рахманова таяк тартыш боюнча Москвадагы мелдеште күмүш медаль утту
25.04.2018Кадамжайлык балбан айым Д.Рахманова таяк тартыш боюнча чемпионаттан алтын медаль утту (видео)
06.09.2018Көчмөндөр оюндары: Баткендик балбан кыз Д.Рахманова таяк тартыштан коло тагынды (сүрөт)
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×