Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 14.06.2019 16:00 На русском

Баткенде чоң унаа өрттөнүп кетип, ичиндеги 12 жылкы куткарылды. Видео

Turmush -  Бүгүн, 14-июнда Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында жүк ташуучу «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаа өрттөндү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 11:10 чамасында Кулунду—Максат унаа жолунун 4-чакырымында болгон. Маалымат түшкөндө саат 11:14дө куткаруучулар чыгып, саат 11:50 чамасында өрт толук өчүрүлдү. Кырсыктан адам өмүрүнө зыян болгон жок. Унаанын жүк ташуучу жагынан 12 жылкы куткарылды.

Унаанын ээси К.Шүкүров экендиги такталды. Кырсык унаадагы электр тогунун кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×