Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Баткен облусу, Баткен 14.06.2019 14:08

Баткенде кан тапшыруу боюнча акция өттү

Turmush -  Бүгүн, 14-июнда Баткен шаарында Бүткүл дүйнөлүк кан донору күнүнө карата «Коопсуз кан ар бирибизге» аттуу акция өттү.

Баткен облустук кан куюу борборунун башчысы Айбек Акматовдун айтымында, акцияга Баткен облусундагы ыктыярдуу адамдар катышты. Иш-чара эртең мененки саат 9:00дөн баштап 13:00гө чейин өтүп, жалпысынан 40ка жакын адам кан тапшырды. Бүгүнкү күндө облус аймагында донорлордун саны 900гө жакын. Кан куюу борборунда 1-2-3-4-топтогу 20 литр кан сакталып турат. Ал эми кандын суюк бөлүгү (плазма) 40 литрге жетет.

«Бизде жол кырсыгынан же башка оорудан улам канга муктаж адамдарды кан менен камсыздоого толугу менен шарт бар. Бирок кээ бир учурларда 1 эле адамга 7 литрге чейин кан куюлган учурлар болот. Мындай учурдан 2-3 катталса эле биздеги кан түгөнөт. Андыктан биз тизмеде турган донорлорду чакырып, бейтаптарга жардам берип келебиз.

Дагы бир көйгөй Баткен облусу башка мамлекеттерге чек аралаш аймак болгондуктан кокустуктар болушу мүмкүн. Мына ошондуктан бизге донорлор керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×