Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусуБаткен району 12.06.2019 16:54 На русском

«Мал өлө баштады»: Баткенде калыңдыгы 30 см жеткен кар жаап салды. Видео

Turmush -  10-июнда Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Зардалы айылындагы Карагат, Ормузан жана башка жайлоолорго кар жаады. Бул тууралуу Turmush басылмасына жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, жааган кардын калыңдыгы 30 см чейин жеткен. Алдын ала айтылып жаткан кабарга караганда, карда калган 100дөй жандык мал жана 10дон ашык бодо мал өлдү. Башка малдарды издөө уланууда.

Карагат, Көк-Боор, Беш-Булак, Бел, Ак-Таш деген жайлоолорго малын айдаган адамдар малдарын толуктап, кабар алышы керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×