Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусуЛейлек району 12.06.2019 12:20 На русском

Лейлек РИИБде милициянын лейтенанты Ш.Мамасаиповду пенсияга узатышты

Turmush -  Лейлек РИИБдин өздүк курамы коомдук коопсуздук кызматынын участкалык өкүлү, милициянын лейтенанты Мамасаипов Шергазы Абдыганиевичти ардактуу эс алууга узатышты. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда аталган түзүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери Ш.Мамасаиповго жакшы тилектерин айтып, мындан аркы иштерине ийгилик, үй-бүлөсүнө тынчтык, ден соолук каалап, ак калпак кийгизип, сыналгы тапшырышты.

39 жаштагы Ш.Мамасаипов үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Ал ички иштер органдарында 20 жылдан ашык эмгектенип, элдин коопсуздугун сактоого жана бир топ оор кылмыштардын бетин ачканга катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×