Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусу, Баткен 11.06.2019 16:22 На русском

Баткен шаарында бала бакчанын жетишсиздигинен 500дөн ашуун бала кезекте турат

Turmush -  Баткен шаарында мамлекеттик бала бакчаларда орун жетишсиз болуп, 2 жылга балдарды кабыл алууну токтоткон. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

«Биздин бала бакча 140 орундуу. Бирок быйылкы жылы 400дөн ашуун баланы тарбияладык. Орун жетишсиз болгону менен бала көп, мүмкүнчүлүк болушунча кабыл алдык. Азыр балдар тыгылып, бир керебетке 2-3төн жатышат. Кээде толук келишкенде жерде жатып калышат. Ошондуктан шаарга кошумча бала бакча ачуу керек. Азыр бизде кезекте турган 400дөн ашуун бала бар. Аларды алганга орун жетишсиз. Орун жеткенче балдар окууга барып калышат. Анткени 2 жылдан бери кабыл алууну токтоткула деп атайын буйрук чыгарышкан. Ошентсе да мугалим жана оорукана кызматкерлеринин балдарын алууга мүмкүнчүлүк беришкен», - деди «Алтын-Бешик» бала бакчасынын жетекчиси Айнура Кадырова.

Шаардагы мамлекеттик 2 бала бакчада орун жетишсиздигинен шарты барлар жеке бакчаларга беришсе, капчыгы туура келбеген ата-энелер балдарын үйдө тарбиялашууда.

«Мектеп жашына чейинки курактагы 3 неберем бар. Ата-энелери мигрант. Балдарын мен карап отурам. Бала бакчага бергенге орун жок. Жеке бала бакчалар кымбат экен. Өткөндө 3000 сом дейт. Ал акча менин пенсиям менен бирдей эле. Ошондуктан балдар бакчасын ачыш керек шаар бийлиги», - деди Баткен шаарынын тургуну Диянгүл Бердикулова.

Шаарда үйдө тарбияланып жаткан 500дөн ашуун бала бар.

«Кызыл-Жол кварталына 140 орундуу бала бакчанын курулушун баштаганбыз. Анын сметалык баасы 44 млн сомду түзгөн. Азыркы учурда анын 70%ы аяктап калды. Бул курулуш ушул жылдын октябрь айында аяктоосу пландалган. Мындан сырткары Булак-Башы кварталына 50 орундуу бакчанын курулуусу пландалып, 1 млн сом каралууда. Эгер аталган курулуштар аяктаса шаардагы бала бакчага кезекте тургандардын саны кыскарат», - деди Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×