Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусу, Баткен 11.06.2019 10:17

Баткендеги калкты тейлөө борбору жаңы имаратка көчүрүлмөк болду

Turmush -  Баткен шаарындагы калкты тейлөө борборунун имараты тар болгондуктан андагы кызматкерлерге жана келген элге ыңгайсыздык жаралып келет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

«Биз «Ачык терезе» системасы менен иштейбиз. Андыктан ар бир кардарга жекече мамиле кылуу керек. Бирок биздин имарат тар болуп, шарт жок болгондуктан кардарларга жекече мамиле жасай албай жатабыз. Ошондой эле кадр маселеси да бар. Кызматкер жетишсиздигинен кээде эл көбөйүп, жетекчилер да элди тейлөөгө мажбур болушат. Эми штаттык бирдик берилет дейт. Эгер бул ишке ашса жакшы болмок», - деди мекеменин оператору Анарбай Абдуллаев.

Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын тургуну Марапат Отбасарова документ иштерин бүтүрүүдө балалуу келиндерге кезекке туруу кыйынчылык жарата тургандыгын белгиледи. Андыктан келини документ иштери боюнча келген учурда кошо келип, небересин карап турат.

Бул көйгөй менен Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Жылдыз Исакулов таанышып чыкты. Жергиликтүү бийлик тарабынан июль айында калкты тейлөө борбору менен жарандарды каттоо бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлө турган болду. Жаңы имараттын жалпы көлөмү 400 кв метрди түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×